Индияда ЕЭК министри энергетикадагы евразиялык интеграциянын болочогун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10 фев — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Индиядагы эл аралык форумга ЕАЭБ менен ЕЭКтин атынан барды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Индиядагы эл аралык форумга ЕАЭБ менен ЕЭКтин атынан барды

2 / 2

Кожошев энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануудагы кырдаалды, энергияны декарбонизациялоо жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен аз көмүртектүү технологияларды киргизүү зарылдыгын белгилеген

Кожошев энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануудагы кырдаалды, энергияны декарбонизациялоо жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен аз көмүртектүү технологияларды киргизүү зарылдыгын белгилеген.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары менен аз эмиссиялуу (атомдук жана суутек) энергияны өнүктүрүү, ошондой эле көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери биздин алдыбызда турган милдеттердин тизмесине киргизилген. Ошол эле учурда ЕАЭБде бул багыттарды ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар”, - деди Кожошев.
“Индия энергетикалык жумалыгы — 2024" форуму 6-9-февралда Гоада өткөн.
Батыш 10 жылда ЕАЭБдин мынчалык өнүгөрүн күткөн эмес. Эксперттин маеги