Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатынан күмүш утту

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатынан күмүш медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Кыргызстандык спортчу 102 килограммга чейинки салмакта катышкан. Ал түртүп көтөрүүдө 173 килограмм, жулкуп көтөрүүдө 213 килограмм көтөрүп, жалпы салмак 386 килограммды түзгөн.
Азия чемпионаты Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Буга чейин Эмил Молдодосов, Нурсултан Тармалов жана Татьяна Мельниченко коло медаль тагынган.
Белгилей кетсек, Расулбеков 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышып 6-орунду ээлеген.
Радио
Молдодосов: Кыргызстан оор атлетика боюнча күчтүү мектеп түптөй алды