Шылуундар Садыр Жапаровдун видеосун колдонуп элди алдап жатканы эскертилди

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов шылуундар мамлекет башчы Садыр Жапаровдун видеосун колдонуп, үнүн жасап элди алдаган видео таратып жатканын эскертти.
"Өлкө башчы Садыр Жапаровдун видеосун колдонуп, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтер тарап жатканын кабарлайбыз. "Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот" деген өңдүү күмөндүү иш-аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз", — деп жазган Алагөзов.
Ал соцтармакта ар кандай билдирүүлөр көп экенин айтып, шылуундардын курмандыгы болуп калбаш үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактоону өтүнгөн.
Садыр Жапаров: сөз эркиндиги боюнча рейтингди ага жамынган бузукулар түзөт