БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ипотекалык батирлердин чарчы метри 550 доллардан сатылат. Бул туурасында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Бүгүн ал Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарын ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен тааныштырган. Туманбаевдин айтымында, жогоруда аталган суммага үй биротоло бүткөрүлүп, 25 жылдык мөөнөткө берилет.
"Турак жайдын материалдары сапаттуу болгондуктан 9 баллдан ашкан жер титирөөгө да туруштук бере алат. Бардык үйлөрдүн жанына мектеп, ФАП, бала бакчалар дагы салынат", — деген Туманбаев.
Үйлөрдү президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" ишканасы курууда.
Эл өкүлдөрү менен жолугушууда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов учурда кезекте 18 966 жаран турганын белгиледи. Анын айтымында, 2026-жылга чейин 23 миң батир куруу мерчемделип жатат.