Кыргызстан ЕАЭБ алкагында 60 чет өлкөлүк жаранга пенсия төлөй баштады

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдеги макулдашуунун алкагында 60 чет өлкөлүк жаранга пенсия төлөй баштады. Бул тууралуу Социалдык фонд кабарлады.
Маалыматка караганда, алардын 51и Россиянын, сегизи Казакстандын, бирөө Беларустун атуулу. Ал эми Россия 33 кыргызстандыкка пенсиянын бир бөлүгүн чегерген.
Эске салсак, 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндөгү макулдашуу 2021-жылдан тарта күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБ аймагында эмгекчи болуп саналат.
Батыш 10 жылда ЕАЭБдин мынчалык өнүгөрүн күткөн эмес. Эксперттин маеги