Министрлик Ош менен Баткенге соода-логистикалык борбор курууга өнөктөш издөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жеке компанияларды жана инвесторлорду Ош жана Баткен облустарына соода-логистикалык борборлорду курууга катышууга чакырды.
Долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган. Соода-логистикалык борбордун аянты үч гектарды ээлейт.
Максаты — заманбап соода-логистикалык аймактарды түзүү, айыл чарба продукциясын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн аянтча берүү аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Өнөктөш болууда берилген мүмкүнчүлүктөр:
соода-логистикалык борборлорду каржылоого жана курууга катышуу;
жер тилкелерин берүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү;
соода-логистикалык борбордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктөрдү түзүү;
жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Кызыккан компаниялар жана инвесторлор кызматташуу боюнча толук маалыматты министрликтин сайтынан ала алат.
Радио
Кыргызстанда жер семирткичтерди кайдан сатып алууга болот?