Кыргызстандык жүздөгөн мугалим Россиядан кесиптик билимин жогорулатты

Кыргызстандык агай-эжейлер кесиптик тажрыйба-билимин арттыра турган бир нече жерлер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү канча педагог Россия аймагында жана башка жактарда кесиптик чеберчилиги менен билимин жогорулатуу курсунан өтүп келгендиги боюнча маалымат берди.
Эске салсак, бүгүн "Русский дом" Россия Илимдер академиясынын илимий станциясынын, Россотрудничество өкүлдөрү менен Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулар боюнча жогорку кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, өткөрүүдө.
Кыргызстандын аймактарынан бул программага катышкан мугалимдер боюнча маалымат:
Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетине (ГРМПУ) Нарын, Талас облустарынан 250 педагог жөнөтүлгөн;
Россия элдеринин достугу университетине Чүй облусунан 125 мугалим барган;
Кыргызстандагы Петербург жолугушууларына Кант менен Оштон 50 киши катышкан;
Түндүк-Кавказ федералдык университетине Чолпон-Ата менен Токмоктон 50 угуучу кеткен;
Санкт-Петербургдагы ГРМПУ окууларына бардык дубандардан 12 педагог жөнөтүлгөн;
Ташкентте өткөн мекендештердин Москва үйүнүн курстарына бардык дубандардан 14 педагог катышкан.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев бул жарым жылдык маалымат экенин кошумчалады.
Билим берүү министри РФ элчисине: бизге орус тилдүү мугалимдер жетишпейт