Кайгуул милициянын кандай иштеп жатканы онлайн-режимде көзөмөлдөнөт

Кырдаал борборунда иштегендер монитордон жабдуу орнотулган ар бир унаага көз салып, кызматкерлер көлүктүн ичинде эмне кылып жатканын көрүп турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кайгуул милициянын 100дөн ашык унаасына GPS жана видеорегистраторлор орнотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул жабдуулар кайгуул милициянын нөөмөттөгү кызматкерлери кандай иштеп жатканын тартып турат. Алар ИИМдин кырдаал борборунун системасына туташтырылган.

"Кырдаал борборунда иштегендер монитордон жабдуу коюлган ар бир унаага көз салып, кызматкерлер көлүктүн ичинде эмне кылып жатканын көрүп турушат. Видеорегистраторлор жолдогу көрүнүштү, унаанын айланасын тартат", — деп жазылат маалыматта.

GPS менен видеорегистраторлор нөөмөт учурунда кайгуулчулардын ишин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берери кошумчаланды.
Ташиев ӨКМге: жер титирөөнү алдын ала эскертчү жасалма интеллектини колдонгула