"Мал союучу, эт сатуучу жайлар жана ашканалар тамак-аш коопсуздугу жаатында алып караганда орчундуу объектилердин катарына кирет. Республика боюнча учурда иштеп жаткан 45 мал базардын 20сы ветеринардык талаптарга жооп бербейт. Өткөн жылы мыйзам бузган 17 мал базарга 160 миң сомдук айып пул салынган. Мындан ары базардагы мал союучу жайларда ветеринардык көзөмөл болот. Аларга электрондук күбөлүк берилет. Республика боюнча 101 мал союучу жайдын 10у ЕАЭБ өлкөлөрүнүн реестрине кирген. Демек, талапка жооп берет. Ал эми 15 мал союучу жайдын иши токтотулуп, сегизи ички реестрден чыгарылган. Буларга 225 миң сом айып пул салынды. Алгач союлган малдын этине ветеринардык-санитардык текшерүүчү жайга багыттаган төрт бурчтук мөөр басылып, кийин сатууга уруксат берилгенде гана сүйрү мөөр коюлат. Бул белги этти эч кооптонбой колдонууга болорун билдирет", — деди Шарапов.