Кыргызстанда үй сатып алууда пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонуу эрежеси кеңейди

Буга чейин топтомо бөлүктү баштапкы төлөм же ипотеканы жабуу үчүн гана колдонушчу. Эми мүмкүнчүлүктөр кеңейди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражатты инвестициялоо жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документке кол койду. Мындан ары бул каражатты үй сатып алууда колдонсо болот.
Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, мыйзам өткөн жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документтин максаты – айлыгынын эки пайыз өлчөмүндөгү топтолмо пенсиялык фонддун каражатын колдонуу менен курулуш субъектилеринен турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү.
Буга чейин топтомо бөлүктү баштапкы төлөм же ипотеканы жабуу үчүн гана колдонууга болот болчу. Эми мүмкүнчүлүктөр кеңейди.

"Мыйзамда курулуп жаткан же курулуп бүткөн үйлөрдү бөлүп төлөө менен келишимдик негизде сатып алууда же сатып алганда баштапкы жана кошумча төгүм катары пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга укуктуу деген ченем каралган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жумушчу адатта Социалдык фондго айлыгынын 10 пайызын которот. Анын бешинчи бөлүгү (эки пайыз) топтомо бөлүк болуп эсептелет.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн дагы кимдер ала аларын материалдан окуңуз.
Радио
Тоолуу аймакта чегерилген пенсия эми өрөөнгө түшкөндө өзгөрбөй турган болду