БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, өткөрүү пунктулары Кытайда Жаз майрамына байланыштуу 10-февралдан 12-февралга чейин жабык болот. Бул күндөрү чек арадан адамдар да, транспорттор да өтө албайт. Бекеттердин иши 13-февралда жандана турганы кошумчаланды.