Пресс-борбор

Онищенко "Х илдети" жөнүндө маалыматты анекдотко салыштырды

Мурда азык, суу аркылуу тараган илдеттер басымдуулук кылса, жашоонун жакшырышы менен биринчи орунга аба аркылуу тараган инфекциялар чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россия Илимдер академиясынын мүчөсү, Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде "Х илдети" тууралуу маалыматты анекдотко салыштырды.
Эпидемиологдон Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда талкууланган "Х оорусунун" ааламды каптоо кооптуулугу бар-жогу тууралуу сурашкан.

"Давос, "Х илдети" тууралуу анекдотторду жыйнап жатасыңар... Албетте, эч кандай "Х оорусу" деген жок, бул жөн эле көркөмдөлүп айтылган нерсе", — деген Онищенко.

Ал ар кыл инфекциялардын эпидемия менен пандемиялары цивилизациянын бардык этаптарында эле болуп келгенине токтолуп, мурда билимдин өсүшү менен алардан оолагыраак болууга мүмкүнчүлүк берет деген жаңылыш түшүнүк айтылганын белгиледи.
XIX кылымда жана XX кылымдын биринчи жарымында азык жана суу аркылуу тараган илдеттер (чума, холера) басымдуулук кылса, жашоо-турмуштун жакшырышы менен биринчи орунга аба аркылуу тараган инфекциялар чыкканын айтты.
"Жаңы инфекциялар пайда болот, биз планетадагы микродүйнөнүн 5-7 пайызын гана билебиз", — деген Онищенко.
Буга чейин Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү "Х оорусунун" пандемия тобокелдигин талкуулашканы айкын болду. Бир катар маалыматтарга таянсак, бул оорудан көз жумгандардын саны коронавирус пандемиясы өмүрүн алып кеткендерден 20 эсеге көп болору айтылган.
Онищенко КР менен РФ медицина тармагында кандай кызматташа аларын айтты