Москвадагы "ПродЭкспо" көргөзмөсүнө Кыргызстан да катышууда

Улуттук көргөзмөдө экспортко багытталган кыргызстандык беш компания, ал эми өнөр жай павильондорунда үч компания өзүнчө стенддерин ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык "ПродЭкспо-2024" аянтында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык "ПродЭкспо-2024" аянтында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды

2 / 2

Улуттук көргөзмөдө экспортко багытталган кыргызстандык беш компания, ал эми өнөр жай павильондорунда үч компания өзүнчө стенддерин ачкан

"Кыргыз-орус ишкерлер кеңеши 9-февралга чейин эң ири эл аралык "ПродЭкспо-2024" аянтында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсүн ачты", — деп айтылган маалыматта.
Улуттук көргөзмөдө экспортко багытталган кыргызстандык беш компания, ал эми өнөр жай павильондорунда үч компания өзүнчө стенддерин ачкан.
Бул иш-чаранын алкагында Жаңгак өстүрүүчүлөр ассоциациясы жаңгак боюнча презентациясын тартуулаган. Кыргыз тарап менен Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда жаңгактарды жана экспортко багытталган башка продукцияларды РФтин рыногуна мындан ары жайылтуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары, 2024-жылга биргелешкен кызматташуу пландарын сүйлөшкөн.
Презентацияга Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, РФтин Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык иштер боюнча вице-президенти В.Падалко башында турган өкүлдөрү, эки өлкөнүн ишкерлер кеңештеринин теңтөрагалары Н.Атаканов жана В.Компанейщиков, Россиянын Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү боюнча федералдык корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Н. Банцекина катышкан.
Батыш 10 жылда ЕАЭБдин мынчалык өнүгөрүн күткөн эмес. Эксперттин маеги