Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган 5 өспүрүм алып келинди

Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүп берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган жашы жете элек беш бала алып келингенин ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, булардын ичинен төртөө эркек бала болсо, бирөө кыз. Алар — 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.
"Алдын ала маалымат боюнча, балдар Россияда туугандары менен жашап жатышкан. Өспүрүмдөр Москвада ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калгандыктан Россия ИИМинин Москвадагы башкармалыгынын өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайында болушкан. Балдарды учак менен мекенине кайтаруу иштерин ушул мекеме аткарды", — деп айтылат маалыматта.
Өспүрүмдөрдү "Манас" аэропортунан ИИМдин кызматкелери тосуп алган. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүп берилери кошумчаланды.
7-январдан тарта мигранттар Россияда иштей баштаганын ИИМге кабарлашы керек