Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

Бектенов 43 жашта, өкмөт башчылыкка талапкерлигин Токаев түзгөн "Аманат" партиясы сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Билдирмеге караганда, Бектенов буга чейин президенттин администрациясын жетектечү. Ага чейин Антикоррупция кызматын башкарган.
Жаңы премьер өлкө экономикасына жаңы импульс бере турганын, өкмөттүн чыгымдарын азайтып, үнөмдөлгөн каражатты инфраструктураны жакшырууга жумшаарын билдирген. Мажлис депутаты президент жаңы өкмөттөн ыкчам, демилгелүү жана креативдүү болушун талап кыларын айтты. Ал мурунку курамга ушул нерсе жетпей калган деп эсептейт.
Бектенов 43 жашта, өкмөт башчылыкка талапкерлигин Токаев түзгөн "Аманат" партиясы сунуштаган.
Казакстанда аткаминерди жыйын учурунда кармап кетишти. Видео