Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бүгүн бардык бишкектиктер жылуулук жана ысык суу менен камсыз болот

Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин бардык тургундары жылуулук жана ысык суу менен камсыз болот. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын директору Уран Раимбеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
"Ысык сууну туташтыруу — бул технологиялык процесс, ал убакытты талап кылат. Жылуулук бардык үйлөргө кошулган. Кечке чейин ысык суу беребиз. Суу бир учурда бардык үйгө келбей калышы мүмкүн. Бул жылытуу мезгилинин башталышындай эле, андыктан ысык сууну жөнгө салуу иштери болжол менен 10 күнгө созулат", — деген ал.
Эске салсак, 2024-жылдын 2-февралында Бишкек ТЭЦинде жарылуу болуп, анын кесепетинен калаадагы 60 миңге чукул батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Жылуулук боюнча суроолорго Call-борбор күнү-түнү жооп берүүдө. Номерлер