БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын банктары 24 миллиард 237 миллион сом өлчөмүндө таза киреше алган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Буга чейин Банктар союзу 2022-жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго (2021-жылдагыдан беш эсе көп) жеткенин билдирген. Улуттук банкта 2022-жылдагы киреше деп бир аз башка сумма – 23,1 миллиард көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын түрдүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн.