Бишкек ТЭЦиндеги авария

Министр: Бишкектеги батирлердин баарына жылуулук берилди

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев ТЭЦтеги абал боюнча маалымат берип, Бишкектеги батирлердин баарына жылуулук берилгенин кабарлады.
Анын айтымында, батареяларга жылуулук 53-65 градуска чейин берилип жатат.
"Азыркы мезгилде ысык суу берүүнү 70 пайызга жеткирдик. Кечке чейин 100 пайызга чыгарууга аракет кылып, эртеңкиге чейин ысык суу шаардыктарга толугу менен жетип калат", — деген министр.
Ибраев учурда 9 от казан иштеп жатканын кошумчалаган. Анткен менен айрым шаар тургундары үйлөрү муздак болуп жатканын айтышууда.
2024-жылдын 2-февралында Бишкек ТЭЦинде жарылуу болуп, анын кесепетинен калаадагы 60 миңге чукул батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦи капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. А. Жапаров тапшырма берди