Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду. Бул туурасында федерациядан билдиришти.
2-февралда республикалык Жорго салыш федерациясынын башкармалыгынын кезексиз жыйыны өтүп, анда ишкер Бабанов президент болуп шайланган.
Ал 2011-2012-жылдары премьер, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеген. Бабанов саясаттан сырткары болуп мындан ары бизнес менен гана алектенерин айткан.
Бабанов Талас облусунда айыл өкмөтү үчүн имарат куруп берди. Сүрөт