Жердештерин Бишкекте мажбурлап иштетип, алардан акча алган пакистандык кармалды

30 жаштагы И.М. мекендештерине эмгек визасын убада кылганы менен алар Бишкекке туристтик виза менен келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Мекендештерин Кыргызстанда мажбурлап ишке орноштуруп, алардан ири суммада акча алып жүргөн пакистандык жаран кармалганын Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, чет элдик киши жердештеринен 600 доллардан 5000 долларга чейин алып, аларды Кыргызстандагы тигүү цехтерине жумушка орноштуруп жүргөн.
"30 жаштагы И.М. мекендештерине Бишкекте эмгек визасын жана жакшы маяналуу жумуш убадалаган. Бирок иш жүзүндө алар туристтик виза менен келип турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүү мигранттарды тигүү цехтерине киргизип, аларды мыйзамсыз иштөөгө мажбурлап жүргөнүн кошумчалады. Мындан улам Пакистан жараны "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу", "Алдамчылык" жана "Адам сатуу" беренелери боюнча айыпталып, колго түшүрүлгөн.
Аялын жигиттер менен тааныштырып, аларды кайра тоноп жүргөн киши кармалды