Жапаров Беларустун ШКУга кирүүгө даярдыгы боюнча меморандумду ратификациялады

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларустун милдеттенмелери жөнүндө меморандум ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
2023-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары 2023-жылдын 4-июлунда Нью-Делидеги кеңешмеде кол коюшкан.
ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия мүчө. Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Ал эми Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка, Египет, Сауд Арабиясы, Катар уюмга өнөктөш өлкөлөр болуп саналат.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Садыр Жапаров: ШКУнун кеңейиши дүйнөлүк аренада уюмдун салмагын жогорулатат