Ошто дарыгерлерди сабаган киши кармалып, ал ИИМде мурда иштегени айтылды

Окуя 31-январда болуп, эшиктен кирип келген киши төрт медик менен эки бейтапты урганы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин сабаган киши кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициясынан билдиришти.
34 жаштагы Б.К.А. бүгүн кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
ШИИБдин маалымат кызматы ал ИИМдин ички аскерлеринде мурда кызмат өтөп кеткенин да тактады. Ал эми качантан бери иштебей калганы жана башка чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаардык милициясы ак халатчандарга кол көтөргөн киши милицияда иштебей турганын билдирген. Андан соң оорукананын жетекчилиги ал Ички искерлердин кызматкери экенин, ишти Аскер прокуратурасы да тергеп жатканын айткан.
Коомчулукту кыжырланткан окуя 31-январда болуп, эшиктен кирип келген киши төрт медик менен эки бейтапка кол салганы кабарланган. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланган.
Бишкекте дарыгерге бейтаптын тууганы кол көтөргөн. Видео