Бишкек ТЭЦиндеги авария

Куткаруучулар Бишкек ТЭЦиндеги урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышты

Жаныбарга асма ийне менен дары куюп, куйкаланып калган жерлерине май сүйкөп карап жаткандыктарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Куткаруучулар Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан кийинки урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышкан. Бул туурасында "Добрые руки" фондунан билдиришти.
Жаныбар урандылардын алдында авария болгондон бери жаткан. Тумшугу, көзүнүн териси, кулактары жана буттары күйүп калган.

"ӨКМдин кызматкерлерине абдан чоң ыраазылык билдиребиз. Итти тапкандан кийин ойлонуп отурбай, дароо ветклиникага жеткиришиптир. Аны таштап, урандыларды тазалоо үчүн кайра жөнөп кетишишкен. Адамдык боорукерлик үчүн чоң рахматыбызды айтабыз", — деп жазышкан фонддон.

Учурда асма ийне менен дары куюп, куйкаланып калган жерлерине май сүйкөп дарылап жаткандыктарын айтышкан.
"Буюрса итти дарылап, айыктырып алабыз деп турабыз", — дешкен алар.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Кечээ Түркияга жеткирилген 4 кыргызстандык Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды