Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦи капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. А. Жапаров тапшырма берди

Учурда жылуулук борборунун дээрлик үчтөн бир бөлүгү калыбына келтирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ТЭЦинин бузулган имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
"Өкмөт башчы жылуулук борборундагы авариянын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, ТЭЦти модернизациялоо планын иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды", — деп айтышты.
Энергетика министри ТЭЦте учурда 8 от казан, төрт турбогенератор иштеп жатканын, суунун агымы 40тан 61 градуска чейинки температурада берилип жатканын билдирген. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев чатырдын 15 миң чарчы метри жарактан чыгып, бүгүнкү күндө 4 300 чарчы метрден ашууну калыбына келтирилгенин айткан.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦти калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды