Төрөбаев: түн жарымына чейин Бишкектин бардык аймагына жылуулук берилет

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкек шаарына жылуулук толук түрдө түн жарымына чейин берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын кебинин урунттуу учурлары:
турбогенераторлор менен буу казандар жабыркаган эмес. Кечке чейин үч буу казан ишке кирип, шаардын баары жылуулук менен камсыздалат;
ысык суу саат 00:00гө чейин шаарга толук берилет. Кээ бир үйлөрдө суу ысык эмес, жылымык болушу мүмкүн;
Акылбек Жапаров мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды ТЭЦтен көз карандысыз кылууну тапшырды. Алар өздөрүн өздөрү жылуулук жана ысык суу менен камсыздамай болот. Ошондой эле жаңы үйлөрдү ТЭЦке кошпой, өздөрүнүн от казандары болгудай норма киргизилет;
ТЭЦте беш буу казандын ордуна экөө болот. Эски жабдуулар алып салынып, эки турбогенератор орнотулат. Объектини калыбына келтирүү учурунда ТЭЦтин кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге көтөрүлөт.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦтеги кырдаал: Өзбекстан жөнөткөн газ баллондор Жалал-Абадга жетти