Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги кырдаал: Өзбекстан жөнөткөн газ баллондор Жалал-Абадга жетти

"Жалал-Абад электр тармактар" ишканасынын кампасына жыйналган баллондор эми Бишкекке жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтеги кырдаалга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга суюлтулган газ баллондорун жөнөтүп, учурда Жалал-Абадга жетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Коңшу өлкө суюлтулган газ толтурулган 1000 баллонду 9 жүк ташуучу унаа менен жөнөткөн. Ал "Бек-Абад" посту аркылуу өткөрүлгөн.
"Жалал-Абад электр тармактар" ишканасынын кампасына жыйналган баллондор эми Бишкекке жөнөтүлөт.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барган. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТЭЦте жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат