БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бүгүн, 3-февралда, мамлекеттик Кремль сарайынын чоң залында "Романсиада жылдыздары" айлампасынын алкагында "Орус романстарынын эл аралык күнү" концерттик программасы тартууланат. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү анда кыргызстандыктар да ырдап чыга турганын маалымдады.
Кабарда белгиленгендей, өткөн жылы романсиада кечелеринин 10 жылдыгы белгиленген, жыл сайын жаңы жылды жакшы маанайда баштоону салтка айланткан чыныгы улуттук майрам болуп калды. Февраль айынын алгачкы ишембисинде Россиянын башкы сахнасы жаш, мыкты романс аткаруучулары менен көрккө бөлөнөт, алардын арасында белгилүү, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзууга үлгүргөн аткаруучулар жана бул багыттын босогосун жаңы аттаган дебютанттар да болот.
Бул кечеде сахнага Россия, Кыргызстан, Болгария, Казакстан, Италия, Түндүк Македония, Иран, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген жаштар таланттарын тартуулашат.
"Кыргызстандын атынан VII "борбор азиялык романсиаданын" жеңүүчүлөрү катышат. Алар Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Элгиз Бейшенбаев менен Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Субан Үмөтбек. Аларды Россиянын эмгек сиңирген артисти Дмитрий Дмитриенконун жетектөөсүндө "Россия" ансамбли коштойт", — деп айтылат маалыматта.
Кечени Россия искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Эмгек сиңирген артист Галина Преображенская алып барат. Иш-чаранын ардактуу коногу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун ("Русский дом") маданий долбоорлорунун куратору, "Борбор азиялык романсиаданын" жетекчиси Игорь Воронцов болмокчу.
Концертти 3-февралда, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө "Русский мир" YouTube-каналынан түз эфирде көрүүгө болот.
Эске салсак, Элгиз Бейшенбаев "Романсиада" аттуу орус романсынын жаш аткаруучуларынын XXVII эл аралык сынагында экинчи орунду алган.