Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦти калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды

Учурда куруучулар жеринде иштеп баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин авариядан кийин калыбына келтирүүгө 19 курулуш компаниясы тартылды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги кабарлады.
Учурда компаниялардын 10дон ашуун атайын техникалары жана 100дөн ашуун куручуулары иш жүргүзүүдө.

"Мамкурулуш агенттиги мамлекетибиздин келечегине кайдыгер карабаган курулуш компанияларына ыраазычылык билдирет", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ӨКМдин 557 кызматкери менен 35 атайын техникасы ТЭЦтеги жарылуунун кесепетин жоюп жатканы кабарланган.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барган. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦтеги авария: Түркмөнстан менен Өзбекстан жардам колун сунууда