Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бишкек ТЭЦтеги авария: Түркмөнстан менен Өзбекстан жардам колун сунууда

Буга чейин Россия өкмөтү да жардам берүүгө даярдыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтеги аварияга байланыштуу Түркмөнстан менен Өзбекстан Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзбекстандык кесиптеши Бахтиёр Саидов жана түркмөнстандык кесиптеши Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Анын жүрүшүндө алар өлкө башчылары Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиеев жардам боюнча тиешелүү тапшырма беришкенин билдиришкен. Тактап айтканда, Түркмөнстан гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга суюлтулган газ берүүгө даяр экенин айткан. Ал эми Өзбекстан Андижандан Ошко суюлтулган газ толтурулган баллондорду жөнөткөн.
Кыргыз тарап боордоштук колдоо үчүн аталган өлкөлөргө ыраазычылык айткан.
Буга чейин Россия дагы Бишкек ТЭЦиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат. Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барган. Бүгүн, 3-февралда, шаардыктарга ысык суу менен жылуулук акырындык менен бериле баштады.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептерин аныктоого россиялык адистер жардамдашат