Бишкек ТЭЦиндеги авария

Бакыт Төрөбаев: жылуулук, ысык суу кечке жуук берилиши мүмкүн

Алдын ала маалымат боюнча, жарылуудан отканалар жабыркаган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек ТЭЦиндеги кырдаал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, кечке жуук жылуулук, балким ысык суу да берилип калышы мүмкүн.
"Эми мурдагыдай ысык болбойт, бирок батареяларга жок дегенде 50 градус жылуулукту берүүгө аракет кылабыз. ӨКМ менен Мамлекеттик курулуш агенттиги имаратты калыбына келтирүү жана авариянын кесепетин жоюу менен алектенүүдө. Энергетика министрлиги резервдеги 4 откананы ишке киргизет", — деген Төрөбаев.
Алдын ала маалымат боюнча, жарылуудан отканалар жабыркаган эмес.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү ТЭЦте авария катталып, өрт чыккан. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле ыкчам маалыматтарды Телеграм-каналдан да окуп турсаңыздар болот.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Садыр Жапаров ТЭЦке барды. Сүрөт