Радио

Беркиналиева: Россиядан кыргыз акындарынын антологиясы чыгат

Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Сагынбүбү Беркиналиева кыргыз акындарынын китеби Санкт-Петербург шаарынан басылып чыгарын айтты.
Sputnik
Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү болгон акындардын чыгармалары орус тилине которулуп, антология чыгарылат. Бул тууралуу Сагын Беркиналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китептерди басып чыгаруу чыгымын Санкт-Петербургдун шаардык бийлиги көтөрөт.
"Россотрудничество" уюштурган иш-чаранын алкагында Кыргыз жазуучулар союзунун мүчөсү менен Россиянын Санкт-Петербург мэринин жолугушуусу болду. Тактап айтканда, Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчө болгон акындардын кыргызча ырларынын антологиясын басып чыгаруу келишими түзүлдү. Аталган долбоорду биздин Жазуучулар союзунун орус тил секторунун жетекчиси көзөмөлдөп, жазуучу Жылдыз Акаева ырлардын маанисин которуп берет. Ал эми поэтикалык котормосун орустун белгилүү акындары: Анотолий Лобов, Виктория Левина, Михаил Ананов, Людмила Куликова жасашат", — деди Беркиналиева.
Ал аталган жыйнакка 60 кыргыз акынынын чыгармалары кире турганын кошумчалады.