Окуучулардын тамактануусунун ченеми эки эсеге көбөйтүлдү

Кээ бир социалдык мекемелердеги тамактанууну этап-этабы менен жакшыртуу максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен кошумча акча каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 1-январдан тартып республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-класстан баштап 5- класска чейинки окуучуларынын тамактануу ченеми эки эсеге көбөйтүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен кошумча 999,4 миллион сом каралган.
Бул каражат жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.
Мындан тышкары, тамактанууга төмөнкү өлчөмдөр белгиленет:
жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаторийлерден тышкары) — 90 сом;
кесиптик-техникалык окуу жайларында (камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө болгон окуучуларды кошкондо) — 60 сом;
мектеп жашындагы балдар үчүн санаторий тибиндеги мектеп-интернаттарда — 165 сом;
атайын музыка жана искусство орто окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттарда — 213 сом;
орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн — 100 сом;
жетим балдарга, ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын реабилитациялык топторуна — 160 сом;
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине - 489 сом, камкорчулукта болгон студенттер жана окуучуларга (окуу процессинде) — 60 сом;
Олимпиадаларды, кароолорду, окуу жыйындарын, шоуларды, мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө спортчулар жана катышуучулар үчүн — 120 сомдон 489 сомго чейин.
Буга чейин бир мектеп окуучусунун тамактануусуна 22 сом каралчу.
Радио
Назарова: Россия өлкө мектептеринин ысык тамак программасына жардам берүүдө