Экс-депутат Эмил Жамгырчиев абактан бошотулду

Бүгүн Жамгырчиев өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Экс-депутат Эмил Жамгырчиев тышка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде абактан бошотулду.
Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен кабыл алды.
Бүгүн БШК Жамгырчиевдин өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууну сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен айыпталууда. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия 9-январда, ал эми Жогорку Кеңеш 10-январда парламентарийди жоопко тартууга макулдугун берген. Ошол эле күнү Жамгырчиев парламенттин экинчи кабатынан секирип качып кеткен. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЖК жыйынында Жамгырчиевди эч ким камабай турганын, ал айыпталып жаткан иш оор кылмыштардын катарына кирбестигин айткан. УКМК башчысы депутатты тергөөчүгө келип берүүгө чакырган.
Анын маалыматына караганда, Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге кайрылып, Ташиевге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жамгырчиев Абдувалиевден эки досту (коомчулукта Жапаров менен Ташиев "эки дос" деп айтылып келет) жок кылууга жардам сураганын билдирген.
12-январда парламентарий УКМКга сурак берүү үчүн өзү барган. Кийин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Кетип калууну көздөгөн. УКМК депутат Жамгырчиев эмнеге кармалганын түшүндүрдү