Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украинадагы демилитаризацияланган зона ары жыларын жар салды

Санитардык зона түзүү тууралуу биринчи жолу өлкө башчы өткөн жылдын июлунда айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Украинадагы демилитаризацияланган зона россиялык шаарлардын коопсуздугун камсыздай ала турган аралыкта болот. Бул тууралуу президенттикке талапкер жана өлкөнүн учурдагы башчысы Владимир Путин ишенимдүү өкүлдөрү менен жолугуу учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул демилитаризацияланган сызык биздин аймак биринчи кезекте чет жакта жасалган алыска атылуучу куралдан жапа чекпегидей аралыкта болушу керек. Дал ушул курал-жаракты украин бийлиги тынч шаарларды аткылоого колдонуп жатат", — деди ал.
Путин РФ армиясы Украинадагы демилитаризацияланган зонаны Россиянын калктуу конуштарынан алыстатуу аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Санитардык зона

Украинада санитардык зона түзүү тууралуу биринчи жолу өлкө башчы өткөн жылдын июлунда айткан.
"Украинанын аймагынан биздин территорияны аткылоо мүмкүнчүлүгү сакталууда, муну бир нече жол менен чечүүгө болот. Биринчиси — контрбатареялык күрөштүн майнаптуулугун жогорулатуу, анткен менен бул аткылоону токтотот деген кепилдик жок. Бирок улана турган болсо Украинанын аймагында бизге ок жетпегидей аралыкта санитардык зона түзүү жагын карайбыз", — деген Путин аскердик кабарчылар менен жолугуу учурунда.
Путин: Россия нацизмди тамыры менен жок кылууга болгон күчүн жумшайт