БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөктүн окуясынан кийин камакка алынган анестезиолог үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту кабарлады.
Мындай чечимдин кабыл алынышына шектүүнүн туруктуу жашаган жеринин болушу жана коюлуп жаткан айып өтө оор эмес категорияга киргендиги негиз болгон. Анестезиолог кызматтык милдетин так аткарган эмес деп шектелүүдө.
Эске салсак, декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. Жакындары алгач бөбөктү тишин тазалатуу үчүн менчик клиникага алып барган, ал жактан Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүшкөн. Жакындары кызга наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Кийин кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталып 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев бул иш боюнча Медициналык академияга караштуу медициналык борбордун директору, стоматология бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, стоматолог иштен кеткенин белгилеген.
Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыз кетонал менен анальгин препараттарын колдонуудан өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон улам көз жумганын көрсөткөн.