ЖК комитети ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды

Жаңы мыйзамга "веб-сайт" деген түшүнүк киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Документти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген. Анын автору азыркы мыйзам эскирип, интернет кеңири жайылган замандын талаптарына жооп бербей турганын айткан.
Жаңы мыйзамга "веб-сайт" деген түшүнүк киргизилип, бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Демилгечилердин айтымында, мындай нерсе өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек.
Мындан тышкары, маданият министри Кыргызстанда фейктерди "кармай" турган мониторинг борбору түзүлөрүн айткан.
Депутат фейктерди "басып" билим берүү министрине жардам берип жатканын айтты