БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Бишкекте УКМКнын "Алтын балалык" аталышындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылганын атайын кызматтан кабарлашты.
"Эки кабаттан турган имарат 220 орунга ылайыкташкан. Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмерек менен жабдылган. "Алтын балалыкта" 2,5 жаштан өйдө курактагы балдар тарбияланышат", — деп айтылат маалыматта.
Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланганы кошумчаланды.