БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ош шаарында кызды бычак кезеп коркутуп, зордуктоого аракет кылган деп 20 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.
Окуя 27-январда таңга маал саат 05:55тер чамасында болгон. Шектүү эч ким жоктугунан пайдаланып кызды зордуктоого аракет кылган.
Милицинын маалыматы боюнча, шектүү ошол түнү алгач бильярд клубдун эшигин бузуп кирип 22 миң сом уурдап чыккан. Ал акчага курсагын тойгузуп, ичимдик ичип, анан караоке-клубга барган.
Кылмышка шектелип Ш.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 29-январда шаардык сотто анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.
Учурда Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан "Алдамчылык" жана "Зордуктоого аракет жасоо" беренелери менен тергөө иштери жүрүп жатат.