Мамкурулуш: Кыргызстанда 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо баары кулайт

Адис белгилегендей, советтик мезгилде курулган көп кабаттуу үйлөрдү жаңыларга караганда бекем деп айтуу туура эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эгер Кыргызстанда 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо, анда баары кулайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.
"7-8 баллга туруштук берет деп салынган үй төрт эле балл жер титирөөдө кыйрап калса курган жана аны кабыл алган адам башы менен жооп берет", — деди ал.
Адис советтик учурда курулган көп кабаттуу үйлөр боюнча дагы пикири менен бөлүштү. Ал эски үйлөр жаңыларга караганда бекем деген ойго кошулбайт. Анткени кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер менен теңелип, көпчүлүк батир ээлери баштапкы абалын өзгөртүп салышкан.
Эске салсак, 23-январда Кыргызстанда катуу жер титирөө катталды. Очогу Кытайда жайгашып, силкинүү бүт Борбор Азияга сезилген. Андан бери майда жер титирөөлөр катталууда. Мисалы, бүгүн, 30-январда, Кыргызстанда төрт жолу жер титиреди.
Кыргыз-кытай чек арасында 7 жолу жер титиреди