Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов жана Эл аралык шериктештик жана каржы ассоциациясынын директору, ислам каржылоо принциптери боюнча эксперт Асылбек Молдокматов болду. Биз ислам каржылоо принциптери тууралуу сүйлөштүк.
— Ислам каржылоо принциби деген өзү эмне?
Улукман Мамытов: — Бул тема кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү. Анткени калктын 80 пайыздан ашыгы мусулмандар. Ислам принциптери менен иштеген банктардын ишмердүүлүгүнө кызыккандар да абдан көп болууда. Ал эң негизгиси адилеттүүлүк жана шериктештик менен иш алып барат. Биз пайдаланып жаткан азыркы банктык система Батыштыкы, аны орто кылымдарда еврейлер, англиялыктар ойлоп тапкан. Буга караганда ислам каржы системасы акчанын үстүнө акча жасоону эмес, реалдуу сектордун өсүшүн көздөйт. Акыркы учурда араб мамлекеттеринин да мааниси, таасири күчөп, өлкөгө көптөгөн инвестиция алып келүүдө. Алар Батышта сакталган акчаларын алып, башка мамлекеттерге жайгаштыруу жагын да ойлонуштуруп жатышат. Ошол себептен булардын ишенимине кирип, ислам каржы принциптерин системалаштырып алсак болмок. Мунун жалаң гана диний эмес, саясий-экономикалык жактан да мааниси чоң.
Асылбек Молдокматов: — Исламда эң башкы мыйзам — куран жана пайгамбарыбыздын бизге калтырып кеткен осуяттары. Ислам каржы системасында негизинен үч тыюу бар. Биринчиден, сүткордукка жол берилбейт. Пайыз кошуудагы арам менен адал маселеси так ажыратылып, аныкталат. Мисалы, акча алмаштыруучу жайда долларды сомго алмаштыргандан түшкөн пайыз адал делинет экен, анткени эки башка акча бирдиги. Пайызды аныктаганда да көп суроолор туулат.
Экинчиси, насыя берүүгө болбойт. Соода-сатыкта шериктештик деген түшүнүк бар. Мисалы, банк аркылуу базардан унаа алууну каалаган кардарга банк үстөк пайызын кошуп сатып берет. Акчасын айларга бөлүп төлөтөт. Убагында төлөй албай калса туум алуу талаш жаратат. Бирок кардар акчаны төлөбөй койсо, алган акчасынын 0,2 пайызын жаза катары төлөтүп алса болот.
Үчүнчүсү, ушул жаза катары берилген пайызды банк өзүнө иштете албайт. Аны кайрымдуулукка, бей-бечараларга жардам катары берүүгө тийиш. Жөнөкөй каржы системасында кардар акчаны алып, максатсыз пайдаланып коюшу мүмкүн. Ислам системасында андай эмес. Ислам каржы секторунда кардардын эмнени алгысы келип жатканын, кызыгуусун аныктап, анан товарын алып берет. Кардар менен өнөктөш катары иштешүү керек. Кыргызстанда 7000ден ашык ЖЧК бар. Анын миңи — өтө активдүү иштеп жаткандар. Булар да каржыга муктаж, бирок кадимки салттуу системадагы банкка жолошпойт. Консерватордук банктар эч качан утулбайт, бир жагынан болбосо, бир жагынан алат. Ал эми ислам каржы банктары кардардын иши жүрүшүп кетишине тилектеш болуп, өнөктөштүк менен иш алып барат. Эгер кардар ислам банкынан алган каражатка машина алып, бирок кырсыктап, унаасы жарабай, өзү майып болуп, андан башка акча төлөп берүүчү адамы жок болсо банк акчадан кечиши мүмкүн.
Эл аралык шериктештик жана каржы ассоциациясынын директору, ислам каржылоо принциптери боюнча эксперт Асылбек Молдокматов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Банктын каражатына ишкана ачып, бирок тажрыйбасыздыгынан банкрот болуп калса кандай болот?
А.М.: — Акчаны туура эмес колдонуп же башка багытка коротуп койсо исламда кыянаттык болуп эсептелинет. Банк да мониторинг кылып турат. Эгер акча алган адамдын каржылык сабаттуулугу жакшы болбосо, банк кызматкери жардам берет. Анткени алар кардардын карыздан кутулушуна кызыкдар. Эгер банкрот болуп калса иш сотко чейин барып, бизнес эмне үчүн жүрүшпөй калганы аныкталат. Ошого жараша чечим чыгат.
У.М.: — Экономист катары айтарым, бизге ислам каржы системасы керек. Аны толук көчүрүп албасак да, жакшы жактарын алсак болот. Бул — Япониянын экономикасына жакын, адилеттүү система. Япон банктары өндүрүшчү компаниялар менен өнөктөш катары иштешет. Заводдун директорлор кеңешинде банктын өкүлү да мүчө болуп ишти ичинен билип, жетекчилигине отчёт берип турат. Эгер акча керек болсо каржылайт. Өндүрүшчүлөргө банкта иштеген финансисттер ар кандай каржылык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере коюшат. Анткени алардын стратегиялык кызыкчылыгы бар. Ал эми Батыштын каржы системасында банктардын акча алган компаниялар менен өнөктөш катары иштөөсү каралган эмес. Компанияларга мүчө болуп кирген күндө да "акциясы көтөрүлсө сатып жиберип, кайра чыгып кетем" деген максатты гана көздөшөт. Өнүгүп-өсүшүнө кызыкчылыгы жок. Батыштын ушул системасына каршы болгон үчүн ислам каржы системасы жагат. Бирок биздин Улуттук банк ишкер менен өнөктөш болууга тыюу салат.
— Асылбек мырза, биздеги ислам принцибинде каржылаган банктар жогоруда сиз айткан эрежелер менен иштеп жатабы?
А.М.: — Ооба, андайлары да бар. Бирок баары 100 пайыз идеалдуу ислам принциби менен иштейт дегенден алысмын. Бул система Кыргызстанга 2009-жылы келсе да тажрыйбалуу, принципиалдуу адистер аз.
Азыр ислам каржы системасы да баалуу кагаздар менен иштеп жатат. Себеби акциядан тышкары облигация алууга мүмкүнчүлүк бар. Шериктеш болуп иштегенде өндүрүүчүнүн пайдасы банкка да бөлүнөт, киреше болбосо экөө тең кур калат. Бул кардар үчүн да ыңгайлуу. Системаны Кыргызстанда да колдонсо болот. Бизде ислам каржы принцибинин баалуу кагазы (сукук — А. Молдокматов) эми чыгууда. Кыргызстандан 19 миллиард сомго сукук чыгарылыптыр. Бул — биз үчүн нонсенс. Чет элдик инвесторлор баалуу кагаздарды сатып алып, андан түшкөн акчага Кытайдын товарларын Орто Азия мамлекеттерине сатышат экен. Салттуу каржы системасы эмес, ислам принцибиндеги система иштеп жатканы сонун көрсөткүч. Бул системаны азыр араб өлкөлөрү эле эмес, 2009-жылдан бери Англия колдонуп, 2012-жылы эң чоң көлөмдөгү баалуу кагаздарды чыгаруу менен базар экономикасында алдыңкы орунду ээледи. Батыш өлкөлөрүнүн өзү муну бизге караганда көп пайдаланып, ийгиликтүү ишке ашырышат экен.
У.М.: — Сукук баалуу кагазы Кыргызстандын ички карызына иштеп, сомду жүгүртүүгө жакшы өбөлгө түзүп жатат.
— Ислам каржы системасы доллардан баш тартууга өбөлгө болобу? ЕАЭБ ичинде соода жүгүртүүдө улуттук валюталарга өтүү тууралуу сөз болуп жатат.
А.М.: — Ислам каржы ыкмасы өтө чоң ролду ойношу мүмкүн. Доллар ИДПга байланбайт, ал дүйнөлүк бренд болгону үчүн станок катары чыгарыла берет. Башка бардык акча бирдиги реалдуу секторго байланат. 2008-жылдагы кризис маалында эң туруктуу каржы ишканалардын бири жана системасы Ислам банкы болгон. Себеби ал баалуу кагаздарга, алтынга, реалдуу товарларга, ишканаларга байланган. Ошол эле кезде араб өлкөлөрүндөгү валюталарга доллар таасир эте алган жок. Бул — биз үчүн эң чоң көрсөткүч.
У.М.: — Албетте, таасир бере алат. Бирок логикалык жактан байланышпайт. Эгер ислам каржы принциптери долларды айлантса, анда баш тарта албай калабыз. Эгер сукукту рубль же юань менен чыгарса, анда дедолларизацияга шыкак беребиз. Чынында эле ислам экономикасы менен Батыш экономикасы акчага эки башка көз карашта. Эл деле азыр салттуу банктардын акчанын үстүнөн акча жасоо системасына баш ийип калды.
"Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Акча алмаштыруучу жайларды алсак, бул жакта да талкуулоочу маселелер бар. Анткени акча алмаштыруу тарыхта, Улуу Жибек Жолундагы соода кербенинде деле болгон. Мисалы, Кытайга бараткан соодагер дирхамын ошол жердеги соодагерлерден юанга алмаштырып алган. Мындай алака бири-бирине жардам берүү катары эле сыпатталган. Азыр андай эмес. Анткени сүткорлук кездешет. Банк негизинен алгач соодагерлерге, жергиликтүү органдарга каржылык жактан жардам берүүчү мекеме катары түзүлгөн. Исламдын эң кыйын аалымдарынын бири: "Акчанын үстүнөн акча жасоо адилетсиздикке алып келет. Байлар байып, кедейлер жакырланып, социалдык теңсиздик жаралып, андан улам революция боло берет. Экинчиден, бул инфляцияны шарттайт", — деген экен. Экономикада акчанын көлөмү менен товардын көлөмү баланста болушу керек. Акча ашып кетсе инфляция болот. Бүгүн дүйнөлүк реалдуу ИДП 100 триллион болсо, каржылык көлөм андан 10-15 эсе көп. Батышта акчаны өзүнчө товар катары эсептешет. Ал эми исламда акча реалдуу секторду көтөрүүчү инструмент катары каралат.
А.М.: — Исламда акча байлык катары эмес, реалдуу секторго пайдалануучу инструмент катары кабыл алынат. Акчаны бирдиктүү өндүрүшкө жумшап, пайдасы баарына тийсин дешет. Убагында колдонуп, жараксыз болуп баратканда таштай качуучу система эмес. Канадада пенсионерлер көп каражатты пенсиядан эмес, инвестициядан алат экен. Инвестициялык фондго ар бир жаран төлөй берет да, ал акча реалдуу секторго жумшалат. Бүгүн Канада ички эмес, тышкы экономикага каражат жумшоодо. Ислам каржы принцибин расмий жолго коюуга Орто Азияда тыюу жок, болгону иштетип кетүү керек.
— Улуттук банк шериктештикке тыюу салган, демек, иштете албайбыз да. Негизинен кандай тоскоолдуктар бар?
А.М.: — Бүгүн салттуу каржы системасы менен иштеген банктар насыя берүү, пайыз, күрөө аркылуу алчусун алды. Булар шериктеш катары кардар менен тобокелчиликке баруудан качат. Бүгүн эл күрөө дегенди уккусу жок.
У.М.: — Улуттук банк банктар менен иштейт. Ислам каржы системасы менен иштеген банк эмес, "фонд" деп атап койсоңуз Улуттук банк сиздин ишмердигиңизге тыюу сала албайт. Бирок анда финансылык көзөмөлдөө мекемеси менен иштешип каласыз. Бизге реалдуу секторду өнүктүрүүгө атайын фонд да керек го.
А.М.: — Сингапур, Малайзия өлкөлөрү бул жагынан алдыга кеткен. Аларда кадимкидей телефонунда инвестиция аласыңбы же акча саласыңбы деген тиркемелер иштейт. Бизге ислам инвестициялык фонду керек болсо да тобокелге эч ким бара албай жатат. Буга ислам каржы системасында, мыйзамда да мүмкүнчүлүк бар.
У.М.: — Академиялык чөйрө, илимпоздор ислам каржы системасын жакшы изилдеп, экономикабызга таратып, адаптацияланышына жардам берсе жакшы болмок. Жакшы адистерди да даярдоо керек.