Транспорт министрлигинде 1,2 млрд. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Министрлик тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн УКМКга жөнөтүлө турганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы кабарлады.
Палатанын отурумунда министрликтин 2021-2022-жылдарга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралган. Натыйжада бир катар каржылык тартип бузуулар аныкталган. Алар:
бюджетти аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 миллион 630,3 миң сом;
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 миллион 283,3 миң сом;
эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 миллион 824,1 миң сом;
мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 миллион 670,5 миң сом;
ченемдик-укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу, процессуалдык бузулушу – 47,4 миң сом.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен министрлик тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн УКМКга жөнөтүлө турганы кошумчаланды.
Саламаттык сактоо министрлигинде 106 млн. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды