Сузакта атайылап өрттөлгөн айыл өкмөттүн имараты оңдолуп, ачылышына Ташиев катышты

Тергөөнүн жүрүшүндө айылдык кеңештин жана айыл өкмөттүн айрым жооптуу адамдарынын тиешеси бар экени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Сузакта өрттөлгөн айыл өкмөттүн имараты калыбына келтирилип, анын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2021-жылдын 10-октябрында айыл өкмөттүн имаратында өрт чыккан. Кийин бул ишке Сузак айылдык кеңештин жана айыл өкмөттүн айрым жооптуу адамдарынын тиешеси бар экени айтылып, алардын акча уурдоого жана башка мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
1 / 4

Сузакта өрттөлгөн айыл өкмөттүн имараты калыбына келтирилип, анын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты

2 / 4

Билдирмеге караганда, 2021-жылдын 10-октябрында айыл өкмөттүн имаратында өрт чыккан

3 / 4

Кийин бул ишке Сузак айылдык кеңештин жана айыл өкмөттүн айрым жооптуу адамдарынын тиешеси бар экени айтылып, алардын акча уурдоого жана башка мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган

4 / 4

Тергөөнүн жыйынтыгында камалгандар Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды толтурган

"Бул кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу өрттү уюштургандар убагында аныкталбай калган. Аны толук иликтөө максатында ишти тергөө 2023-жылдын август айында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына тапшырылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрттү уюштургандар аныкталып, камакка алынган", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жыйынтыгында камалгандар Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды толтурган. Бул каражат кийин Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалганы кошумчаланды.
Бишкектеги "Шахта" барынан өрт чыкты. Видео