Эмгек министрлиги бардык социалдык стационарларда видеокамера орнотулганын айтты

Маалыматта 17 интернатта 2 332 адам жашай тургандыгы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бардык улгайган жарандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Бул чара министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында берген тапшырмасынын негизинде жасалды. Ошондой эле тапшырманы эмгек министри өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында берген болчу.

“Учурда 17 интернатта 2 332 адам жашайт, анын ичинен 522си улгайгандар жана жалпы оорусу боюнча майыптыгы бар жарандар, 1810 адам — психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Административдик кырдаал борборуна социалдык стационардык мекемелерди кошуу иштери да жүрүп жаткандыгы айтылды.
Радио
Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдүн ондон ашык түрү бар