ӨКМ аймактардагы жолдорго көчкү түшүү кооптуулугун эскертти

Мекеме жолдор тайгак болуп муз тоңорун, автоунаа ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош жолунун тоолуу жерлеринде, тагыраагы, Төө-Ашууда, Ала-Белде жана Чычкан капчыгайында көчкү түшүү ыктымалдыгын эскертти.
Билдирүүгө ылайык, 29-31-январдагы жаан-чачын кар көчкүнүн жылышын шартташы мүмкүн.
Көчкү төмөнкү аймактарга да түшүшү мүмкүн:
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолуна (55-115-чакырым аралыгына);
Каракол — Эңилчек жолундагы 45-48, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашууга;
Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 97-98-чакырымдарына;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна ;
Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымдарына.
"Бул күндөрү жогорудагы жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталуусу зарыл", — деп эскертишти министрликтен.
ӨКМ денени үшүк алуудан коргой турган эрежелерди эскертти