Кыргызстанда мал уурулук үчүн жаза күчөтүлдү

Мыйзамда өзгөчө ири өлчөмдөгү мал уурулук үчүн кылмышкерлер 12 жылга чейин эркинен ажаратылары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда мал уурулук үчүн жаза күчөтүлдү. Кылмыш-жаза кодекси 205-1-беренеси ("Мал уурулук") менен толукталды. Тиешелүү документкен Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан маалымдашты.
Бул норма Кылмыш-жаза кодексинин 2021-жылдагы (азыркы) жана 2017-жылдагы редакцияларында жок болчу. Жаза жабырлануучуга келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша мүлк уурдоо үчүн аныкталган.
Документке ылайык, эми мал уурдагандар 2-6 айга чейин коомдук жумушка тартылат же 20 000ден 50 000 сомго чейин айып төлөйт, же алты айдан эки жылга чейин эркинен ажыратылат.
Олуттуу мал уурулук кылгандар эки айдан үч жылга чейин түзөтүү иштерине (кылмышкерди мажбурлап иштетүү жана айлыгынын бир бөлүгүн мамлекеттин эсебине которуу) тартылат. Же ага 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат, болбосо үч жылдан беш жылга чейин абакка кесилет.
Эгерде көп малды кылмыштуу топ турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирип алып чыкса, кылмышкерлердин мүлкү конфискацияланып, андан сырткары, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Көп мал уурдалса, кылмыш уюшкан топ менен жасалса күнөөлүүлөрдүн мүлкү конфискацияланып, өздөрү сегиз жылдан 12 жылга чейин абакка кесилет.
205-1-беренеде мал деп: майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек, качыр, төө, чочко айтылат.
Маалыматта кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартылары белгиленген.
"Тилди кысып сүйлөңүз". Мал уурдагандарды жазалоо эки депутатты айтыштырды. Видео