Бишкектеги райондордун биринде газ берүү убактылуу токтотулат

Көгүлтүр от жокто энергиянын башка булактарын колдонуп турууну сунушташты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 30-январдан 1-февралга чейин жер алдындагы газ түтүктөрүнүн басымын текшерүү, кемчиликтерди жоюу иштери жүрөрүн “Бишкек газдан” билдиришти.
Мындан улам, Кызыл куруучу конушунда (Ала-Арча дарыясы менен чектелген тилкелер, айланма жолдун аймагы, Сары-Челек, Киргизская, Логвиненко, Курманалиев, Зеленая, Новая, Колхозная көчөлөрү жана Заводская кууш көчөсү) көгүлтүр оттун чектелерин айтышты.
Андан сырткары, Элебесов, Коллективная, Аул, Новосельская жана Кичи Чүй каналы менен чектешкен жерлерде да газ болбойт.
"Бишкек газ" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн абоненттерден кечирим сураган. Жогорудагы иштер көгүлтүр отту элдин коопсуз колдонуусу жана үзгүлтүксүз берүү үчүн жасалып жатканын кошумчалап, утурумдук энергиянын башка булактарын колдонуп турууну сунушташкан.
Радио
Быйыл Бишкекке газ менен жүргөн 744 автобус жана электробус алып келинет