29-январга карата аба ырайы

29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда көчкү түшүү кооптуулугу сакталат. Жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык болушу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймагында жаан, кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...2, Талас жергесинде -2...3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 4...9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 2...7, Нарын аймагында жана -2...-7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 0...2 , ал эми Ош шаарында 7...9 градуска чейин жетет.
Радио
Акпаралы уулу: күрүч менен балыкты бирге өстүрүү Кыргызстанда да жасалып келет