БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуусун маалымат кызматы таратты.
Анда шаардын блокададан чыккан күнүнөн бери 80 жыл өтсө да эч качан унутулбай турганы айтылган. Өлкө башчы аталган салгылашта 4,5 миңден ашуун мекендеш баатырларча курман болгонун эскерди.
"Фашисттик баскынчылардын шаарды тыптыйпыл талкалоо боюнча коркунучтуу пландарынын мизин майтарган советтик жоокерлердин бийик духу менен карапайым тургундардын бекем эрки бири-бирине ширелген улуу күчтү жараткан. Мына ошондуктан Ленинградды курчоодон бошотуу Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында өз орду бар бараандуу окуяларынан болуп саналат", — деп айтылат кайрылууда.
Президент ошол каргашаны башынан өткөрүп кан майданда согушкан кыргызстандыктардын баары элдин сыймыгы экенин белгилеген. Ал өз сөзүндө блокада маалында ар бир союздук республика, анын ичинде Кыргызстан да Ленинград үчүн жардамын аябай эшелон-эшелон азык-түлүк, жылуу кийим-кече жиберип, колдоп турганына токтолду.
"Кан күйгөн согушта оорукта тыным албай, "Бардыгы фронт үчүн!" деп күн-түнү бел чечпей иштеп турган маалга карабай Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуацияланган 16 миңден ашуун адамды эзелтеден эле меймандос калкыбыз бир тууганындай кабыл алышкан. Аларды кыргыз үй-бүлөлөрү асырап багып, татыктуу атуулдардан кылып тарбиялап өстүргөндүгүн эч ким тана албайт. Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылындагы Токтогон Алтыбасарова энебиздин курчоодон чыгарылып келгендердин ичинен 150 баланы өз баласындай кабыл алып, аларга энелик мээримин төккөнү ар жыл сайын сыймыктануу менен айтылып, эскерилип турушу абзел. Мына ошол артиллериялык аткылоолордон шаар кыйрап, арып-ачкан, суукка тоңгон азаптуу күндөрдү кечирип, кийин Кыргызстандан баш паанек таап, журтубуздун колдоосун көргөндөрдүн урпактары бул күндүн маани-маңызын эсине тутуп жүрүүсү кажет", — деди өлкө башчы.
Жапаров блокадага туруштук бергендердин, Ленинградды өз өмүрү менен коргогондордун өзгөчө каармандыгы ар дайым эсибизде болорун, аларга ар дайым урмат-сый көрсөтүү милдет экенин кошумчалады.
Сөзүнүн аягында президент ардагерлерге таазим этип, бардыгына бекем ден соолук, узун өмүр, ачык асман каалаган.