Саламаттык сактоо министрлигинде 106 млн. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 105 миллион 999,8 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Палатанын отурумунда министрликтин 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралган. Натыйжада бир катар каржылык тартип бузуулар аныкталган, атап айтканда:
өлкөнүн бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар — 3112,6 миң сом;
бюджеттик тутумдун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер — 55378,4 миң сом;
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 9819,4 миң сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу — 26 939,8 миң сом;
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды бузуулар — 10749,6 миң сом.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун ишине байланышкан материалдар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
Таласта билим берүү бөлүмүндө бюджеттик акчадан 11 млн. сом уурдалганы аныкталды