Ташиев: Райым Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин менчигине өтөт

Ташиев мурдагыдай Матраимовдордун кланы болбой турганын, аны жок кылуу үчүн Ош облусунун тегерегинде эле 50дөй мамлекеттик органдын жетекчиси кызматтан алынганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ишкер Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Матраимовго издөө жарыяланды. Анын Ош облусундагы, Кыргызстандагы бардык мал-мүлкүн мамлекетке өткөрөбүз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. Кайтып келгенде дагы мурдагыдай Райым-миллион болбойт. "Кара-Суу" базарынан бир точка алса жанын багат, антпесе өзүнө-өзү кыйынчылык табат. Мурдагыдай Матраимовдордун кланы болбойт. Алардын кланын жок кылабыз деп Ош облусунун тегерегинен эле 50дөй мамлекеттик органдын жетекчисин кызматтан алдык", — деген УКМК төрагасы.

Буга чейин УКМК Райым Матраимовго издөө жарыялаган. Ал "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" беренеси боюнча айыпталууда.
Камчыбек Ташиев "Кара-Суу" базары мамлекеттин менчигине өтөрүн айтты